Ошто кызын чынжыр менен жылыткычка байлап койгон атага кылмыш иши козголду

Ошто кызын чынжыр менен жылыткычка байлап койгон атага кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сѳз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 5-октябрь күнү Ош шаарынын эс алуучу бактарынын биринде, бир бутунда чынжыр байланып жүргѳн кыз тууралуу маалымат келип түшкөн. Маалыматты тактоого барган ыкчам-тергѳѳ тобу 2009-жылы туулган кыздын бир бутунда кулпу менен бекитилген чынжырдын бар экенин кѳрүшүп, окуяны тактоо үчүн кызды тергѳѳ бөлүмүнө алып келишкен.

"Кыз атасы аны тентектик кылып сыртка чыккандыгы үчүн чынжыр менен байлап койгондугун билдирген. Ал эми атасы кызы кечинде сыртка чыгып кете бергенин жана аны коркутуп коюу үчүн бул кадамга барганын айткан. Кыз бир бутундагы чынжырды чечип, ал эми экинчи бутундагы кулпу салынган чынжырды чече албай коюп аны менен кошо басып жүргөн", - деп билдиришти маалымат кызматынан.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси (жашы жете электерди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) менен кылмыш иши козголду.

Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Pandora
2018-10-11 22:40:55
Тообо кылдым. Негизи ооо фундаменти куюп жатканда туура эмес куюлса кандай нерсе колдонбо,дубал кыйшык болуп которуло берет.
+1
plaza85
2018-10-12 07:35:39
Pandora, кичине этияттап суйлосон баардык ата эне фундаментти ойлонуп куйса керек 9 жаштагы жаш бала эмнени тушунот эле. Адамдарды жамандагандан башта аларды тушунгонго аракет кылсак жакшы болот эле.
+2
Tunerbei1812
2018-10-12 07:43:28
Pandora,али коп тооба кыласын.
+1
Take_men
2018-10-12 08:11:42
Атасын түшүнсө болот. Жаман болсун деп байлабаса керек
-2
barakcha
2018-10-12 10:57:44
Take_men,сен дагы ошентип тарбиялайсынбы балдарынды?Тобо кылдым!
0
gulmira96
2018-10-12 13:31:10
Азыркы учурда кобунчо жаш наристелер зордук зомбулукка кабылып жатат. Кундо ар нерсени окуп журок ооруйт. Мунун аягы тыйылабы деги? Ушундай акмактарга качан катуу жаза колдонулат? Биздин улуу урматтуулар болсо биринин аркасын бири чукуп отургандан башканы билишпейт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан