“Бакай Банк” Бишкектеги Свердлов районунда Калкты тейлөө борборунда жаңы аманат кассасын ачты

"Бакай Банк" борбор калаанын Свердлов районундагы Калкты тейлөө борборунда жаңы аманат кассасын ачты. Эми шаар тургандары бул жерде газга туташтыруу жана газ жабдууларынын (от казан, колонка, эсептегич) бардык түрлөрүн орнотуу үчүн төлөй алышат.

Калкты тейлөө борборунда кассаны ачуунун демилгечиси "Газпром Кыргызстан" болду. Буга байланыштуу аталган райондун 44 миң кардары жана газга туташкан Керамическая, Кайыңды, Мыкан конуштары газ маселелери боюнча бир жерден тез жана сапатуу маалыматтарды ала алышат. Ошондой эле алар газ эсептегичтерди алмаштыруу жана керектүү оңдоо иштери үчүн акы төлөй алышат.

Иш-чарага Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков "Бакай Банктын" төрагасынын орун басары Руслан Кагиров, "Газпром Кыргызстан" ишканасынын башкы директорунун орун басары Сабырбек Акимбаев катышты.

"Газ ишканасы менен иштешүүнүн алкагында биз кардарларга газ үчүн төлөмдү банктын ар бир түйүнүндө төлөөгө шарт түзүп бердик. Ал үчүн болгону "Бакай Банктын" Бишкектеги каалаган бөлүмүнө кирип, газ боюнча тейлөөгө төлөм жүргүзүү керек. Кардарларды сапаттуу тейлөө жана ыңгайлуу каржы кызматтарын көрсөтүү – "Бакай Банктын" бизнес-процесстерин ишке ашыруунун багыты", - деп баса белгиледи "Бакай Банктын" төрагасынын орун басары Руслан Кагиров.

Сабырбек Акимбаев Свердлов районунда жаңы тейлөө борборун ачуу кардарларга жакыныраак болууга жардам берерин айтты. "Жаңы кеңсе заманбап стандарттар боюнча иштейт жана кардарларды максималдуу түрдө ыңгайлуу тейлөө үчүн даярдалган", - деди ал.

Кеңсенин "Аламедин Гранд" соода борборунда (Жибек Жолу, 150) ыңгайлуу жайгашуусу жана ыңгайлуу күтүү залдары келүүчүлөргө газ боюнча бардык маселелерди тез жана пайдалуу чечүүгө шарт түзөт.

"Бакай Банктын" аманат кассасынын иштөө графиги:

Дүйшөмбү – Жума саат 9:00дөн 18:00гө чейин.

Танапис – саат 13:00дөн 14:00гө чейин.

Маалымат үчүн

"Бакай Банк" ААКсы 20 жылдан бери Кыргыз мамлекетинин жашоочуларына финансылык кызматтын кеңири түрүн көрсөтүп келе жатат. Азыркы учурда өлкөнүн бардык аймактарында Банктын 76 филиалы жана сактык кассалары бардык кардарларга бат жана ыңгайлуу тейлөөлөрдү жүргүзүп келет.

"Газпром Кыргызстан" - "Газмпромдун" 100 пайыздык туунду ишканасы - Кыргыз Республикасына жаратылыш газды эксклюзивдүү ташып келүүчү, республикадагы газ транспорт газ бөлүштүрүү системинин ээси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан