Бүгүн, 12-октябрь күнү Бишкектин Орозбеков жана Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилишинде Киа Мажентис үлгүсүндөгү унаа менен жол тандабас Тойота Ленд Крузер сүзүшө кетти. Жол кырсыгы саат 13:35 чамаларында катталды. Тойота Ленд Крузер унаасын аял киши башкарып бараткан. Ал Орозбеков көчөсү менен ылдый тарапка бараткан болсо, Киа унаасынын айдоочусу Күрөңкеев көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чыгууга камынып жаткан.
Кианын айдоочусунун айтымында, Тойота Ленд Крузердин айдоочусу Күрөңкеев көчөсүнө жетерге жакын оңго бурулчу белгини жандырып келе жаткан. "Анын бурула турган белгисин көрүп, унааны ордунан жылдырганымда ал түз өтүп кетти. Жыйынтыгында сүзүшүп кеттик", - деди Кианын айдоочусу.
Ал эми Тойота Ленд Крузердин айдоочусу ага жол четине токтоого камынганын билдирди. Учурда кырсык катталган жерге Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери чакыртылды.