Кыргыз мамлекеттик Муса Жангазиев атындагы куурчак театрынын жамааты өкмөткө нааразы. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда аталган театрдын жамааты SUPER.KG порталына билдирди.
Буга чейин бир катар маданият, искусство жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин айлык акысы 80 пайызга көтөрүлгөндүгү маалымдалган. Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Анда айлыгы көтөрүлгөн 11 мекеменин тизмеги берилген. Ал эми бул тизмеге Муса Жангазиев атындагы куурчак театры кирген эмес.
“Маданият кызматкерлеринин айлыгы 80 пайызга көтөрүлдү" деген кабарды уккан эмгек жамаатыбыз аябай сүйүнүп жатты эле. Тилекке каршы, бул сүйүнүчтүү кабар бардык маданият кызматкерлерине тиешелүү эмес экенин билдик.
Куурчак театры – бул билим берүүнүн жана балдарды тарбиялоонун бир бутагы. Искусствонун бул түрүн алып кете алган артисттер чанда гана. Ага жан берүү, эмоция берүү, бөбөктөрдү ишендирүү, кыймылдатуу - мунун баары бир учурда болгондуктан, артисттен чеберчиликти, ийкемдүүлүктү, элпектикти, кубулуп туруучу үндү талап кылат. Ансыз да кадр маселеси жаралып жатканда, биздин театрды тизмекке кошпой койгону, жалпы жамаатты ого бетер кыжаалат кылды. Куурчак искусствосу – бул “опера жана балет театры” сыяктуу өзгөчө театр экенин канткенде жеткирүү мүмкүн болду экен?” - деп жазылат театр жамаатынын билдирүүсүндө.