Ошто атасы тарабынан чынжыр менен жылыткычка байланган кызга психикалык экспертиза дайындалды

Ошто атасы тарабынан чынжыр менен жылыткычка байланган кызга психикалык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда SUPER.KG'ге Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

"Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси (жашы жете электерди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) менен кылмыш иши козголду. Учурда кыз убактылуу балдар үйүнө жайгаштырылып, ага психикалык экспертиза дайындалды. Кыз бутундагы чынжыры менен сейил бакта табылган күнү үйүнөн 10 чакырым алыстыкка кетип калганы аныкталган", - деди Сыдыков.

Белгилүү болгондой, кыз буга чейин да үйүнөн бир нече жолу кетип калган учурлар болгон. Ал үй-бүлөсүндө үч бир тууган.

Эске салсак, 5-октябрь күнү Ош шаарындагы сейил бактардын биринде бир бутунда чынжыр байланып жүргѳн кыз табылган. Кийин ал 2009-жылы туулган кыз экени жана анын бутуна чынжырды атасы байлаганы аныкталган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
munira-tilen
2018-10-12 18:55:15
Качып кете берсе некылат анан иштебей кайтарып отурабереби
+2
Kgda
2018-10-12 19:06:20
Спальныйга эле камап койсо болмок кулуптабай.
0
Jelezo
2018-10-12 21:18:05
Акылы кемирек төрөлгөн бала окшойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан