Орусиянын Санкт-Петербург шаарында тажикстандык жана дагестандык жарандардын ортосунда массалык мушташ чыкты. Анын себеби кыз талашуу болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя 11-октябрда болгон. Мушташтын кесепетинен 21 жаштагы дагестандык каза болгон. Дагы бир дагестандык 45 жаштагы адам жабыркаган.
"Полиция кызматкерлери окуя болгон жерден 4 жаранды кармаган. Алар алгачкы көрсөтмөсүндө Тажик жараны Кыргыз кызы менен мамиле куруп жүргөн. Кыз ошол күнү жигитке мамилесин үзө турганын айткан. Бирок ага Тажик жараны каршы болгондуктан Кыргыз кызы дагестандык таанышына жардам сурап кайрылган. Мындан улам эки өлкөнүн он чакты жарандары чогулушуп, мушташ чыккан. Санкт-Петербург шаарынын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча мушташ күтүүсүздөн болгон. Учурда кылмыш иши козголуп, адам өлтүрүү беренеси менен иш козголуп, тергөө иштери башталды", - деп жазылат маалыматта.
.