Бүгүн, 14-октябрда Кыргыз өлкөсү менен Тажикстан чектешкен аймакта күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жер титирөө саат 11:15 чамасында катталды. "Жер титирөө Ош облусунун, Чоң-Алай районунун Кара-Шыбак, Шибээ, Жар-Башы, Дароот-Коргон, Чак, Кулчу, Кызыл-Эшме, Жаш-Тилек, Ачык-Суу айылдарында 4 балл, Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Кабак, Кара-Тейит, Кабык, Кашка-Суу айылдарында жана Алай районунун Сары-Могол айылында 3 балл, Чоң-Алай районунун Эгин-Жай, Арча-Булак айылдарында жана Алай районунун Талды-Суу айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", - деп жазылат маалыматта.