SUPER TV`нын “Жылдыздар кесибин алмаштырат” берүүсүнүн кезектеги чыгарылышында ырчылар Нурлан Насип менен Гүлнур Асанова борбордогу кафелердин биринде тейлөөчү катары өздөрүн сынап көрүштү. Аларга бул тапшырманы берүүбүздүн өткөн аптадагы каарманы Ильяз Андаш табыштаган.
"Мындан 10 жыл мурун тейлөөчү болуп иштеп, кошумча акча тапкан учурлар болгон. Мындан улам бул кесипти биринчи жолу аркалаган жокмун", - деген Нурлан Насип тамашалуу сөздөрү менен келген кардарларды күлдүрүп, колунан келишинче жакшы тейлегенге аракет кылып жатты.
Ал эми Гүлнур Асанова буга чейин тигүүчү цехтердин биринде иштегенин айтып, тейлөөчүнүн жумушу оор экенин баса белгилеп өттү.
Ырчылар кардарларды кантип тейлегенин толугу менен көрүү үчүн төмөндөгү видеоматериалга баш багыңыз.