Кыргыз-Тажик чек арасында 14-октябрь күнү эки ирет жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, алгачкы жер титирөө саат 11:15те катталып, күчү Чоң-Алай районунун айрым айылдарында 2,5 баллдан 4 баллга чейин сезилген.
Экинчи ирет болгон жер титирөө саат 13:12де ошол эле Кыргыз-Тажик чек арасында катталып, күчү очогунда 3 баллга жеткен. Ал эми Чоң-Алай районунун Кара-Шыбак, Шибээ айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.