ИИМдин мурдагы кызматкери 54 жаштагы кайнисинин өлүмүнө шектелип кармалды. Шектүү буга чейин адам өлтүрүү фактысы менен камалып чыккан

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы үйлөрдүн биринен 54 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды. Шектүү катары мурда милиция кызматкери болуп иштеген жездеси кармалганын SUPER.KG'ге Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан тастыкташты. Мекеменин басма сөз кызматынын жетекчиси Мыктыбек Турдубековдун айтымында, шектүүгө карата кылмыш иши козголуп, камакка алынды.

Маалым болгондой, 12-октябрь күнү саат 7:10 чамасында Кара-Көл шаардык милицияга Сабиров көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен 54 жаштагы кишинин жансыз денеси табылганы боюнча маалымат түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу айтылган дарекке барып, ур-токмоктон каза болгон адамдын жансыз денесин көрүшкөн. Ал Кара-Көл шаарындагы Көк-Бел айылынын 1964-жылы туулган М.Б. аттуу тургуну болуп чыккан.

"Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмыш ишке шектүү катары Кара-Көл шаарынын 1955-жылы туулган Т.Д. аттуу тургуну кармалды. Ал каза болуп калган адамдын жездеси экен. Жасаган кылмыш ишин толугу менен моюнуна алып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Анын айтымында, экөө спирт ичимдигин ичип отуруп ортодогу пикир келишпестиктен улам уруп өлтүрүп койгон. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү адам учурда эч кайда иштебей тургандыгы белгилүү болду. 1980-жылдан 1995-жылга чейин ИИМде иштеп, 1997-жылы адам өлтүрүү фактысы менен камалып, 2004-жылы бошотулган экен", - деди Турдубаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан