Ош-Бишкек жолунда айдоочу өзүнүн жүк ташыган унаасынын алдында калып каза болду

Ош-Бишкек жолунда айдоочу өзүнүн жүк ташыган Мерседес-Спринтер унаасынын алдында калып каза болду. Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынын жетекчиси Мыктыбек Турдубековдун айтымында, кырсык 14-октябрь күнү унаа жолдун Ала-Бел ашуусунда болгон.

Маалым болгондой, айдоочу жолду туман каптап калган учурда унаасы бузулуп калган айдоочуга жардам берүү үчүн токтоп, өз унаасынын дөңгөлөгүнө таш коюуга аракет кылып жатканда унаасы жылып кеткен.

"Жол тайгак болуп унаасы 30 метрдей артка сүрүлүп кеткен. Айдоочу Токтогул райондук ооруканасына жеткирилип, бирок алган жаракатынан улам каза болуп калды", - деди Турдубеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
urmat94
2018-10-15 13:09:22
Бечара бироого жардам берем деп озу бул дуйно мн кош айтышып кетиптирда Аллахым куноолорун кечирсин үй буулоосуно сабыр тилейм
+20
tumann.
2018-10-15 13:36:50
Ооба кечээ болду бечара. Аба ырайы ото катаал болду. Тоо ашуу да ондурбай атат шафёрлорго кыйын эле болтат
+9
dymak
2018-10-16 08:37:27
Ыйманы саламат болсун жаткан жери жайлуу болсун, ажалга айла жок ,артында калган үй-бүлө жакындарына сабырдуулук,Кайрат берсин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан