Орусиянын телеканалы 1960-жылдардагы Фрунзе шаарындагы маньяк тууралуу даректүү фильм көрсөттү. Тасма НТВ каналынын "Следствие вели" берүүсүндө көрсөтүлдү.
Аталган берүүдө 1962-жылы Фрунзе шаарында кыз-келиндерге кол салып жүргөн маньяк тууралуу айтылат. Анын өзгөчө белгилери жылаңач жүргөн жана башында кийип алган гүлдөн жасалган таажы болгон. Маньяк кылмыштарын Фрунзе шаарынын ар кайсы аймактарында жасап, бирок милиция кызматкерлери аны бир нече ай кармай албайт. Милиция аны кармап калууга мүмкүнчүлүк болору менен ал изин жашырып кетет.
Жыйынтыгында милиция кызматкерлери маньякты топурактын кесеги аркылуу таап алышат. Маньяк кылмыш иштерин жоопсуз сүйүүнүн кесепетинен аткарган болот.