Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 45 жаштагы жаран мас абалында өзүнө-өзү бычак сайып каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 11-октябрда саат 04:30 чамасында катталган.
"45 жаштагы жаран ашканада турган аш бычак менен көкүрөгүнө бир нече жолу сайып, алган жаракаттарынан улам каза болгон. Маркумдун жакындары эч кимге доосу жок экенин айтып, арыз жазышкан эмес. Ошондой эле соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан", - деп билдирет облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.