Ысык-Көлдө каратэ-до боюнча Борбордук Азия чемпиондугу болот
Ысык-Көлдөгү “Ак-Марал” эс алуу борборунда 9-10-июль
күндөрү каратэ-до боюнча Борбордук Азия чемпиондугу болот. Бул тууралуу аталган
спорт түрүнүн федерациясынын басма сөз кызматы билдирди. Мелдешке Кыргызстандан,
Тажикстандан, Өзбекстандан жана Казакстандан 200 спортчу катышат. Кыргызстандын
намысын 63 каратист коргомокчу.