Орусияда Кыргыз жарандарынан опузалап акча талап кылган кылмыштуу топ кармалды. Текшерүүдө 35 паспорт жана 54 айдоочулук күбөлүк табылган

Орусиянын Москва шаарында Кыргыз жарандарынан опузалап акча жана алардын документтерин тартып алган кылмыштуу топ кармалды. Мындай маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, кылмыштуу топ жакынкы күндөрдө кармалган. Топтун мүчөлөрү өздөрүн криминалдык авторитеттин жана уюшкан кылмыштуу топтун лидерлеринин атынан кылмыш иштерин жасап жүрүшкөн.

"Жабырлануучулар кылмыштуу топтун жасаган иштерине карата арыз жазуудан баш тартып келишкен. Качан гана аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң, алар арыз жазышкан", - деп жазылат маалыматта.

Ушул жылдын 28-июлунда топтолгон маалыматтар боюнча Москва шаарынын Нагорный районунда кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин негизинде кылмыштуу топтун арасында 8 Кыргыз жараны бар экени аныкталып, аларды кармоо иш-аракети жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында кармалган жарандардын арасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 1992-жылы туулган Мадияр Касымбеков менен Сузак районунда 1993-жылы туулган Аскар Абдилманап уулу бар болгон. Алар мыйзамдагы ууру К.К. атын пайдаланып, ири өлчөмдөгү акчаларды жарандардан талап кылып келишкен.

"Москвадагы такси унааларды токтотуучу жайларда иштеген жарандар ар кандай арыздар менен кайрылышкан. Алардын бири Москва шаарына бир нече ай мурун иштөө үчүн келген. Андан октябрь айынын башында 20 миң рубль акча талап кылгандан улам ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылган. Жабырлануучу Орусияга келүү үчүн унаасын сатып, такси токтотуучу жайда келишим түзбөй иштей баштаган. Бул жерден ал Аскар жана Мадияр аттуу балдарды жолуктурган. Алар август айында тапанча менен коркутуп, күч колдонуп анын 1600 долларын, телефонун жана баалуу буюмдарын тартып алган. Ошондой эле аты аталган эки жаран аны токойго алып барып, айдоочуларды сабап, эгер алардын талаптарын аткарбаса ушундай жаза күтөрүн айтып, акча талап кылышкан", - деп жазылат маалыматта.

Келип түшкөн арыздын негизинде кылмыштуу топту кармоо операциясы жүргүзүлүп шектүүлөр колго түшүрүлгөн. Таксомотордук ишкананы текшерүүгө алганда 10 миң рубль, пневматикалык тапанча, 54 даана айдоочулук күбөлүк, Кыргыз жарандарына таандык 35 даана паспорт, 3 аскердик билет табылган. Мындан тышкары жабырлануучуга таандык кол саат алынган.

Учурда ИИМдин Москва шаарынын Нагорный району боюнча тергөө кызматы тарабынан жабырлануучунун арызы боюнча таксопарктын кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Жогорудагы эки жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экени такталууда.

Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү жарандардан жабыркаган болсо ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылышса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
toolos1982
2018-10-15 21:17:57
Көздөрүн коргозбой койгонунар кантет эч ким тааный албайтго
+9
Dalil
2018-10-15 21:29:01
Мындайларга эл душманы деген наам берип, кара жумуштарга тартыш керек. Жасаган кылмышы үчүн түрмөдө баккан да болбойт буларды. Азоо атты жемин азайтып оор жумушка тартса жоошугандай буларды аябай иштетиш керек
+9
nur...nur.
2018-10-15 21:33:44
Кыргыздар озубузго озубуз кыйынбызда арам тамактар козун ачып эле койгулада тартсанар
+9
ma2as
2018-10-15 21:37:01
Чындап эле козун ачып кйсонор болмок , Москада булардын колунан азап коргондор , жээ документерин алдыргандар болсо танышаар .
+10
Kyrgyz_bloger
2018-10-15 22:09:19
Кыргыздын душманы кыргыз болгону ото окунучтуу.
+8
Pandora
2018-10-15 22:25:20
Ушундай кылганга кантип журоктору чыдайт экен?
+3
newman
2018-10-15 22:31:33
Мадиярды мен тааныйм. Алар Москвада МТК деген компанияда арендага машина берип иштейт эле. Кыргыздар көпчүлүгү ушул компаниядан машина аренда алып иштечү. Мен да бир ай иштегем. Бирок так акчасын убагында төлөп иштеген үчүнбү айтор жаман жагын байкаган эмесмин. Жана да болгону 1 ай. Бирок тааныш балдар иштечү. Черный жагын эми окуп атам
+1
Pandora
2018-10-15 22:33:28
Паспорттогу суротторду жакындатып караганда 99% жаш балдар экен.
+3
bond02
2018-10-16 00:09:49
Бетин жаап койсо чачынан тааныйбы?
+1
Feiza1982
2018-10-16 02:14:57
Аткыйган силер беттери былтыйып кара турганын ,канча деген адам шооруна калган экенсинер да.
+2
stepboy
2018-10-16 04:52:39
москвада мындайлар толтура э кыргыздар кайда баратабыз аягы эч жакшы болбойт
+1
XOWO
2018-10-16 08:21:58
Өлтүрүп койсо да болчудай экен канчасын какшатты
+1
warcaw
2018-10-16 08:41:04
ХХХХХХХ курсактар тапанча алып ошол менен коркутуп акча талап кылгандар, ХХХХХХХХХХХ
0
Dinar.raiymjan
2018-10-16 11:53:39
Ар кимдин ырыскысын жей берип чочкодон айырмасы жок го булардын...
0
Tasma2014
2018-10-16 13:54:50
Мумкун тиги жаткан правалар арендадан карыз болуп калып залогдо жаткан болбосун,мен билгенден жаш балдар аренда машинени алып алып арендасын толой албай манкасы алып документин алдырып койуп акча издеп жургонун коп эле жолу учураткамын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан