Москвада 19 жаштагы Кыргыз жараны бычакталып каза болду

Орусиянын Москва шаарында 19 жаштагы Кыргыз жараны бычакталып каза болду. Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматовдун айтымында, каза болгон жаран Токтогул районунун 1999-жылы туулган Ж.А. аттуу тургуну.

Ал 14-октябрга караган түнү Кузьминки метросунда балдар менен уруша кетип, бычактан жаракат алган. Алган жаракатынан улам оор абалда дароо ооруканага жеткирилип, бирок саат 7:30да каза болуп калган.

"Ага бычак сайган адам полиция тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган жана факты боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда мушташка катыштыгы бар балдар менен окуяга күбө болгондор көрсөтмө берип жатышат", - деди Кошматов.

Ал эми маркумдун сөөгүн Кыргыз жерине учак аркылуу жиберүү үчүн жакындары коомчулуктун жардамына муктаж болуп жатканын айтышууда. Эгерде жардам берүүнү кааласаңыз Улан Кошматовдун 4279380019172826 номурундагы банктык эсебине акча которсоңуз же +79653870612 телефон номуруна чалсаңыздар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
expert.007
2018-10-15 21:56:54
Өзүбүздүкүлөр эле сайса керек бычакты
0
Koichuman
2018-10-15 21:57:17
Жаткан жери жайлуу болсун!чет олкодо жургон жердештер сактыка кордук жок демекчи,этият болуп жургулочу.
+1
Wolf_ero
2018-10-15 23:09:32
Бекер алып кетиши керек эле го окмот
+5
Shef87
2018-10-15 23:11:24
Кана бекер жеткирет дебеди беле
+4
bond02
2018-10-16 00:07:01
Жук-200 бекер болот деп ким мактанды эле?!
+5
talaa11
2018-10-16 00:13:48
Бекер болот ишо 50мин сом Акчалай жардам болот дебеди Беле кана
+3
Baicho_0707
2018-10-16 00:34:08
Окмотко ишенген силер да кызыксынар го! Аларды жарандардын жашоосу эмес,акчасы кызыктырат.
+4
taalay25
2018-10-16 02:02:44
Мен Москвада коп жылдан бери журом. Жогоруда бекер болот дегендерге айтарым эч убакта бекер болгон эмес. Дайым жердеш мигранттар акча топтоп ошого жонотуп турушат. Эн жаман корунуш ушул жерден да бизнес кылган кузгундар бар
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан