Бишкекте унаа адамды сүзүп, ал окуя болгон жерден көз жумду

Бишкек шаарынын Байтик баатыр көчөсү менен Камск көчөлөрүнүн кесилишинде Тойота үлгүсүндөгү унаа бир адамды сүзүп, ал окуя болгон жерден көз жумду. Бул туурасында Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсык 15-октябрда саат 21:00 чамасында болгон.

"Жөө жүргүнчү тыюу салынган жерден жолду кесип өтүп бара жаткан маалда унаа сүзүп кеткен. Ал окуя болгон жерден көз жумган. Айдоочу кырсык болгон жерден качкан эмес", - деп жазылат маалыматта.

Азыркы тапта бардык экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Take_men
2018-10-16 10:06:13
Эмне үчүн бизде 60 км чейин баратып туура эмес жерден чуркап чыккан адамды сүзсө айдоочу дайыма күнөөлүү болот. М: Токтоп турган унаанын алдынан адам чуркап чыкса 60 км эмес 30 км бараткан унааны токтотуп калууга айдоочу үлгүрбөйт. 99% айдоочу күнөөсү жок болсо да күнөөлүү болуп чыгат.
+3
aza84
2018-10-16 10:59:19
Эң туура
0
nurbek56
2018-10-16 11:17:09
ушул нерсени менда колдойм эмне болсо айдоочу куноолуу болот бул туура эмес
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан