Ошто индиялык студенттерди тоноого шектелип эки милиция кызматкери кармалды

Ош шаарында Индиядан келген студенттерди тоноого шектелип милиция кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 1-октябрь күнү саат 19:15 чамасында индиялык 18 жаштагы жаранды азиат түспөлүндөгү болжол менен жашы 25-30 чамасындагы бейтааныш адамдар токтотуп, өздөрүн "милиция кызматкерлери" деп тааныштырышкан. Андан соң аны ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү унаага салып Ош шаарынын У.Салиева көчөсүнө алып барышып, ал жерден студенттин жанындагы накталай 3 миң сом акчасын алып, өзүн унаадан түшүрүп коюп кетип калышкан.

Ушундай эле факт 11-октябрь күнү катталган. Саат 21:00 чамасында Ош шаарындагы банкоматтардын биринен индиялык 25 жаштагы жаранды акча алып чыгып бара жатканда белгисиз эки жаран өздөрүн "милиция кызматкерлери" деп тааныштырып токтотушкан. Андан соң аны унаага салып, белгисиз тарапка алып барышкан соң 100 долларын жана 2 миң сомун тартып алышкан.

"Түшкөн арыздын негизинде иликтөө, издөө иштери жүрүп, шектүү катары Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кайгуул-кызмат батальонунун 25 жаштагы эки кызматкери кармалышты. Азыркы учурда аталган факт боюнча топтолгон маалыматтар толук жана ар тараптуу юридикалык баа берүү максатында Ош шаардык прокуратурасына жиберилди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Koichuman
2018-10-16 11:31:35
Моя милиция меня бережет. Деп айткан создоп СССР менен чогу кеткен экенда. Оборотни в погонах
+2
Yiman97
2018-10-16 15:13:32
Акыркы убакта баардык нерсени озу милиция кызматкелери кылып атат буларга ишенсен ологрнун ошол
0
amirrus
2018-10-17 10:00:03
шакалдар милициянын баркын ушундай щеголдор кетирип жатат,катуу жазалоо керек башкаларына сабак болгудай кылып,мындай жуликтер коп шаарда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан