Бишкекте айдоочу унаасы менен жолдун жөө жүрүүчүлөр өтүүчү тилкесинен кош бойлуу келинди сүзүп кетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 16-октябрда саат 7:00дөр чамасында Мухтар Ауэзов көчөсүндө болгон.
"Аталган жол кырсыгында Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа жөө жүрүүчүлөр өтүүчү тилкеден 1995-жылы туулган кош бойлуу келинди сүзүп кеткен. Жабырлануучу дароо ооруканага жеткирилген. Азыркы тапта унаа айып аянтчасына токтотулуп, иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирди маалымат кызматы.