Маркумдун сөөгү коюлган делген жерлер бош болгон. Көрүстөн аркылуу акча тапканга шектүүлөргө кылмыш иши козголду

Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы "Бишкек шаарында аза кызматын көрсөткөн агенттиги" муниципалдык ишканасынын жетекчилерине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган агенттиктин жетекчилери "Түштүк-Батыш" көрүстөнүндөгү инженердик коммуникация үчүн бөлүнгөн жер тилкелерин (жолдун четин, көрүстөндүн ичиндеги сугаруу системин өткөрүү үчүн бөлүнгөн жерлерди) адам көмүү үчүн мыйзамсыз беришкен.

"Маркумдун сөөгү коюлган делген жерлер текшерилгенде бош болуп чыккан. Андан сырткары агенттиктин жооптуу кызматкерлери адамдардын ишенимине кирүү менен аларга жер бөлүп берүүнү убадалап, акча алып жүргөнү аныкталган. Бул фактылар боюнча "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "алдамчылык", "ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу" беренелери менен кылмыш иштери козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Nursbaike
2018-10-16 15:01:27
Камагыла. Оздорунчо Уланды сотко да берип алышкан экенго эки жуздуулор таптаза иштеп аткандай сукалар
+20
aza84
2018-10-16 16:04:39
УЛАН баштап кетти эле ушул ишти эгер ал бетин ачпаса дагы эле билинбей жүрө ьермек
+19
GULZAT.83
2018-10-16 16:05:15
Улан Эгизбаевти тушторунон корушуп ээми тергоо жургузуп жатышабы ошондо тообаа
+18
Kaary
2018-10-16 16:09:23
Улан Эгизбаевдин эмгеги! Алла өз ырахматына алсын! Дуада унутпайлы туугандар!!!
+18
Benazir08
2018-10-16 16:23:17
Тообо кылайлы
+2
Aidani
2018-10-16 17:13:11
Уландын эмгегинин аз да болсо акыбети кайтып атат, эх аттин токтоп калбаса экен ушуну менен.
+17
Nargiza1987k
2018-10-17 00:07:57
Аллах ыраазы болсун козгогон кишиге
+5
madina.87
2018-10-17 02:00:37
Бул иш давно козголуш керек болчу,жарым жыл мурда Улан бул ишти ийне жибине чейин казып,тфдан көрсөтүп бергенго.Акырына чыгарып камагыла көркоолорду
+8
interpol
2018-10-17 09:34:36
Уландын өлүмү себепчи болгон ушул көрүстөн окуясы. Кайран жигитти алып тынды
+3
Aigerim.95
2018-10-17 15:01:06
Улан Эгизбаевдин эмгегинин жыйынтыгы. Тируу болгондо дагы канчалаган кылмыштардын бетин ачмак. Аллах бейиштен жай берсин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан