Мурутчан агайдын образы менен таанылган Нурсултан Курсанали уулу бойдокчулук менен коштошту

"Жарайт сити", "Эл эмне дейт?" долбоорлоруна тартылган актёр, сценарист, алып баруучу Нурсултан Курсанали уулу сүйүктүүсү Дианага баш кошту. Диананын кыз узатуу тою кечээ, 15-октябрда Казакстандын Талгар шаарында өттү. Той тууралуу Нурсултан Курсанали уулу SUPER.KG порталына буларды айтып берди.

"Диана - өзү ордолуу Оштун кызы. Бирок Казакстандын Талгар шаарында билим алып, ошол жакта чоңойгон. Ата-энеси ошол жакта жашайт. Мындан улам кыз узатуу тою дагы Талгар шаарындагы тойканалардын биринде өттү. Биз кыргыздын каада-салты менен кызды алып келдик, алар казактын салты менен узатышты. Эки жактын салтында бир аз айырмачылык бар экен. Алгач кыздын үйүндө бата той болду, андан кийин тойканага алып келишти. Кыз узатууга менин ата-энем, туугандарым жана "Жарайт сити", "Эл эмне дейт?" долбоорунун жигиттери барышты. Күйөө жолдоштук милдетти алып баруучу Белек Тургунов аркалады. Ал эми Диана экөөбүз продюсер Асхат Табалдиевди өкүл ата кылып шайладык. Бишкекке аман-эсен келип алдык. Буюрса, 17-октябрда үлпөт тоюбуз борбор калаадагы тойканалардын биринде өтөт", - дейт ал.

Эске салсак, Нурсултан Курсанали уулу сүйктүүсүнүн колун сурап, макулдугун алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Melitta-24
2018-10-16 13:11:43
Оштон болушса казактын салты менен узаткандары кызык экен, же кыз казакпы? Же ал жакта жашап калса эле ошолордун салты менен узатышы керек беле?
+5
Janyjol.86
2018-10-16 15:07:30
Келинчегин бирас туз эле туруп тушсо болмок экен. неси болсо да бактылуу болгула
+2
dosym
2018-10-16 15:35:04
Фигурасы дың экен аяштын
+3
elebes86
2018-10-16 16:49:22
Фигурасы жонундо айтсак, бул жерде Конкурс красота бери жакта эле калыптыр. Мурутчан агай фигурасын коруп, уйку, тамак эмне экенин унутуп калса керек. Фигурасынын параметри канча экенин белгисиз, бирок текшеруунун кереги жок, эн башкысы фигурасы мурутчандын талабына жооп берет экен. Келечекте фигурасын кучактап, тошокто эзилип бактылуу болгула.
0
sherzatik
2018-10-17 05:11:01
Сүрөттөгү жазууну туура жазышса болмок экен (кыз узату)эмес "Кыз узатуу" деп. Же мен туура эмес айтып жатамбы....бул сөзүм ресторандын ээлерине айтылды.
0
sherzatik
2018-10-17 05:13:17
Бактылуу болгула баш кошкон эки жаш!!!мен да үйлөнсөм деген тилегим ишке ашсын))
0
bibi87
2018-10-17 09:29:59
Оштун кызы болсо, Казакстанда казактардын салты менен узаганы эмнеси? Казактарда кыз узату болуп жазылат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан