Кыргыз маданияты Түркияда өткөн эл аралык фестивалда көрсөтүлдү

14-октябрда Түркиянын Анталия шаарында 15 өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда маданий фестиваль болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына иш-чаранын катышуучусу Мээрим Мулкубатова кабарлады.

Белгилүү болгондой, фестивалдын алкагында ар улуттун жарманкеси болгон. "Биздин өлкө да өзүбүздүн улуттук баш кийимдерибизди, сувенирлерибизди жана дүйнөгө таанымал улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун китептерин да көргөзмөгө коё алдык. "Айымдар" коомунун жетекчиси Пери Асаналиева, жардамчысы Назира Эрдоган Кенан Йозгатлы жана жалпы жамааты менен кызуу иш алып барышты. Өлкөбүздү Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Салима Балтаева, арген үндүү опера ырчысы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти Алмазбек Истамбаев жагымдуу ырларын ырдап беришти", - деп билдирди Мээрим Мулкубатова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Makain
2018-10-16 14:51:38
Ой Мээрим катышканыңа рахмат желекти туура кармаганды үйрөнгүлөчү айланайындар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан