Ош шаарындагы Ниязаалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайдын имаратында 16-октябрга караган түнү саат 1лер чамасында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө ӨКМнын Ош шаардык №12-Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 3 бөлүм барган.
"Өрт саат 01:29да чектөөгө алынып, саат 02:42де толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен имараттын болжол менен 80 чарчы метр аянты, музыкалык аспаптар, отургучтар жана курулуш материалдары күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - деп айтылат маалыматта.