Дүйнөлүк Универсиада: Жалпы командалык эсепте Кыргызстан 1 орунга ылдыйлады

Татарстандын Казань шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк Универсиадада Кыргызстан 1 орунга ылдыйлап, 7-орунга түшүп калды. Кыргызстан азырынча буга чейинки ээ болгон 4 медаль менен чектелүүдө. Ал эми Орусиянын курама командасы 22 медаль менен (10 алтын, 3 күмүш, 9 коло медаль) алдыда келе жатат. Кийинки орунда 5 медаль менен (3 алтын, 1 күмүш, 1 коло) Германия турат. Түштүк Корея 4 медаль (3 алтын 1 коло) менен 3-орунду камсыз кылууда. Кийинки орунда 3 алтын медаль менен Литва келе жатат. Кытайдын курама командасы 8 медаль (2 алтын, 4 күмүш, 2 коло) менен 5-орунду ээлесе, 6 медаль менен (2 алтын, 1 күмүш, 3 коло) Япония 6-орунга түштү. Кыргызстан Япониядан кийинки орунда келе жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Sagy
2013-07-08 15:57:56
Кыргызстан, алгааа!
0
inoplanetyanin
2013-07-08 20:05:55
7 mamleket katywbaptyrby iw kylyp?
0
uty
2013-07-08 21:24:10
inoplanetyanin, 162 мамлекет чокпой еле кой
0
omurbek9393
2013-07-08 21:41:14
демек 162 мамилекеттин арасынан 7-орун жакшы корсоткучго ийгилик каалайм Кыргызстандык спортчуларга!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан