Америкалык ырчы Леди Гага өзүнүн менеджери Кристиан Кариного турмушка чыгарын ачыкка чыгарды. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, ырчы жыл сайын өтүүчү "Голливуд айымдары" ("Women in Hollywood") салтанатына келип, сөз сүйлөө аземинде Кристиан Каринону жолдошум деп белгилеп, ага ыраазычылыгын билдирген.
Белгилүү болгондой, буга чейин коомдо Леди Гага менеджерине турмушка чыкканын, алардын үлпөт тою жакында болору айтылып келген. Бирок түгөйлөр той тууралуу эч кандай билдирүү жасаган эмес.
2017-жылы Кристиан Карино Леди Гагага турмушка чыгуу тууралуу сунуш жасап, ал тургай ырчынын атасынын уруксатын дагы алган. Түгөйлөрдүн үлпөт тою качан боло турганы так айтыла элек.