Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалык драма театрынын артисттери Өзбекстанда өз өнөрлөрүн тартуулоодо. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Дастан Чыныбек уулу билдирди.
Маалыматка ылайык, артисттердин иш сапары 2 күнгө созулат. Иш-сапардын негизги максаты тажрыйба алмашуу мамлекеттер аралык маданий мамилелерди чыңдоо болуп саналат.
"Бизди Өзбекстандагы кесиптештер жылуу тосуп алышты. Буюрса, Өзбек көрүүчүлөрүнө драматург Султан Раевдин калемине таандык "Маң" спектакли коюлду. Аталган чыгарма Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романынын негизинде жаралган. Артисттерди тосуп алууга жана спектаклди көрүү үчүн Өзбекстандын маданият жана спорт министри Баходир Ахмедов келип катышты", - дейт Чыныбек уулу.
Буга чейин аталган театрдын артисттери дал ушул спектакли менен Казакстанда өткөн маданият күндөрүнө катышып келген.