Чүй облусунун Сокулук районунда 12-сентябрда көп суммадагы акча жана баалуу буюм уурдалган. Окуя болжол менен саат 14:00 чамасында Новопавловка айылындагы турак үйлөрдүн биринде болгон. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
"Уурулукка киргендер 70 миң доллар салынган сейфти уурдап кетишкен. Андан сырткары сейфте кымбат швейцар сааты, алтын буюмдар жана бир топ компаниялардын документтери да болгон. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, сейфтин жалпы салмагы 150 килограмм болгон. Аны терезе аркылуу сыртка чыгарып, кол арабага салып, андан ары унаасына жүктөп белгисиз тарапка качып кетишкен. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 134-беренеси (уруулук) боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган",- деп жазылат маалыматта.
Кылмышка шектүү катары 27 жаштагы Чүй облусунун тургуну кармалган. Ошондой эле дагы 2 адам изделүүдө, аларды колго түшүрүү иштери жүрүп жатат.