Баткен облусунун Сүлүктү шаарында турак үй өрттөнүп, 56 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өрт 17-октябрга караган түнү саат 02:50 чамасында чыккан. "Сүлүктү шаарынын Кош-Булак айыл аймагынын Бектенов көчөсүндөгү турак үйдүн 20 чарчы метр бөлмөсү күйгөн. Өрт саат 04:40та чектөөгө алынып, саат 04:58де толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 1962-жылы туулган Б.Н. аттуу жаран күйүп каза болгон. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - деп айтылат маалыматта.