Крым жарым аралынын Керчь шаарында политехникалык колледжде жарылуу орун алды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазууда.
Маалыматка ылайык, жардыруу жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:30 чамаларында (Бишкек убактысы боюнча саат 15:30) орун алган. Жардыруудан улам 10 адам каза болуп, 40тан ашуун адам жаракат алды. Азыркы тапта жарылуунун себептерин аныктоо иштери жүрүүдө. Айрым маалыматтар боюнча колледждин ашканасында газ жарылган. Кырсык орун алган жерде учурда "Тез жардам" кызматы иштөөдө.