SUPER TV: Аркан тартышта тайгаланып кулаган Максат Садырбеков, Курал Чокоевди чөктүрө жаздаган Кайрат Примбердиев. Жылдыздардын суудагы күч сынашуусу

SUPER.KG порталынын SUPER TV бөлүмү жылдыздардын катышуусунда бүйүр кызыткан "Zor Шоу" программасын тартуулайт. Катышуучулардын шамдагайлыгын сыноо максатында бул ирет суу оюндары тандалып алынган.

Оюнга эстрада жылдыздары Курал Чокоев, Кайрат Примбердиев, Максат Садырбеков, КG Элмурат, алып баруучу, тамада Максат Надырбеков, "тамашоучу" Мыктыбек Мукаев, актриса Алиша Диа катышты. Аты аталган жылдыздар "Бүркүт" жана "Акула" деп 2 топко бөлүнүштү. Төрт бөлүктөн турган таймашта сууда сүзүү, аркан тартыш, гандбол жана атайын коюлган мамыны топ менен уруп кулатуу боюнча оюндар орун алып, кызуу мелдеш жүрдү.

Оюн учурундагы күтүүсүз жана кызыктуу көз ирмемдерди, кайсы команда жеңишке жетишкендигин көрүү үчүн төмөнкү видеоматериалга баш багыңыз.

Алиша Диа жана аны курчаган ырчы мырзалар Курал, Кайрат, Максат жана башкалар суу үстүндө таймашты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
s81
2018-10-17 20:52:31
Аман эле болушунсунчу ушул жылдыздар жылдыздар эместа
+1
fanatka19
2018-10-18 00:06:42
жалан эркек жалгыз Алиман
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан