Крымдагы теракт. Колледжде студенттерге ок чыгарып, жардырууга шектелген адамдын жансыз денеси табылды

Крым жарым аралынын Керчь шаарында политехникалык колледждеги жарылуу терракт аталып, жардырууга шектүү адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазууда.

Акыркы маалыматтар боюнча, жардыруунун кесепетинен 17 адам каза болуп, 40тан ашуун адам оор жаракат алышты. Учурда жардырууга шектелген адам аныкталды, ал колледждин 18 жаштагы Владислав Росляков аттуу студенти болуп чыкты.

Ал колледждин имаратына ок атуучу курал менен кирген, 2-кабатка көтөрүлүп, окуучуларга ок чыгарган. Анын огу түгөнүп калып, колледждин 1-кабатына түшүп жардырууну ишке ашырат. Чуу бүткөн соң колледждин ичинен Владислав Росляковдун жансыз денеси табылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Umersam
2018-10-17 20:39:26
Жакшы дагы орустардын өзүнөн жардырыптыр,мусулмандар жардырды деп салмайы бар эле булардын.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан