Казакстандын Астана шаарынын 20 жылдыгына арналган "Жыр аркауы - Астана" эл аралык айтыш сынагына Кыргыз өлкөсүнүн атынан 2 акын катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Айтыш" коомдук фондунан билдиришти.
Маалыматка ылайык аталган айтыш 20-октябрда өтөт. Ага 4 өлкөнүн төкмөлөрү катышат.
"Астана шаарында өтүүчү эл аралык айтыш сынагына Кыргыздын атынан "Айтыш" коомунун теңтөрагасы, акын Асылбек Маратов жана төкмө акын Мундузбек Усупбек уулу катышат", - деп билдиришти фонддон.
Айтыштын байге фонду 2 миллион 800 миң сом (15 миллион теңге), ал эми баш байге болгон 932 миң сомду (5 миллион тенге) 2 акын бөлүп алат.