17-октябрда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде режиссёр Ырыс Жоомартованын "Томпошка Тоня" комедия жанрындагы тасмасы жабык эшик артында көрсөтүлдү. Аталган тасмада башкы каармандардын ролун куудул Гүлжайна Атаканова, ырчы Сайкал Садыбакасова аткарган. Сайкал Садыбакасова томпошка Тонянын ролунда болсо, Атаканова бир айылдын шайыр жеңесинин ролунда болгон.
Тасмада элге кыргыздын кыздары кыргыз жигиттерине гана турмушка чыгуусу керек экенин көрсөтүүнү максат кылышкан. Анткени айылга турист бала келип томпошка Тоняны жактырып калат, бирок аягында Тоня кыргыз жигитти тандап, ошого турмушка чыгат.
Садыбакасованын айтуусунда, бул тасмага тартылуу көп деле кыйынчылык жараткан жок. "Тасмага тартылууда кыйналган жокмун. Бирок көп кемчиликтеримди байкадым. Мындан да жакшы ойносом болмок деп калдым", - дейт ырчы.
Ал эми режиссёр Ырыс Жоомартова мындан ары олуттуу тасмаларды тартууга киришерин айтты.
"Томпошка Тоня" тасмасы 18-октябрдан тарта өлкөдөгү бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.