Крымдагы жардыруудан каза болгондордун саны 20га жетти. 74 адам жаракат алды

Крымдагы жардыруудан 20 адам каза болуп, 74 адам жаракат алды. Бул тууралуу орус басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, каза болгондордун саны өзүн өзү өлтүргөн кылмышка шектүү студентти кошкондо 20 адамга жетип, алардын он алтысынын аты-жөнү аныкталды. Жаракат алгандардын саны 74 адам болсо, алардын 10го жакыны оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, 5 кишинин абалы өтө оор.

Орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун билдирүүсүнө таянуу менен Кремль бул жардырууну терракт катары баалап жатканы жазылат маалыматта. Ошондой эле өлкө башчысы тиешелүү адамдарга жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн жана окуянын себептерин толук изилдөө үчүн тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырган.

Белгилей кетсек, кечээ, 17-октябрда Крым жарым аралындагы Керчь шаарында политехникалык колледжде жарылуу орун алган. Алдын ала маалыматтар боюнча, колледждеги газ баллондор жарылганы айтылган. Кийинчерээк, жардырууну уюштурган жана ок атуучу курал менен алдынан чыккандарды аткылаган колледждин 18 жаштагы студенти Владислав Росляков экени белгилүү болуп, жардыруу болгон жерден анын жансыз денеси табылган.

Крымда орун алган колледждеги жардыруудан каза болгондор 20га жетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан