Баткенде эл ташыган кичи автобус жүк ташыган унаа менен сүзүшүп 1 адам каза болуп, 22 адам жаракат алды

Баткен облусунда Ош-Баткен-Исфана жолунда эки Мерседес-Бенц-Спринтер унаалары сүзүшүп, 22 адам ар түрдүү жаракаттарды алып, 1 адам каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Ак-Татыр аймагында кечээ, 17-октябрда саат 15:00 чамасында орун алган. Анда жүргүнчүлөрдү ташыган Мерседес-Бенц-Спринтер унаасы менен жүк ташыган унаа бетме-бет сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 22 адам жаракат алып, 1 адам каза болгон, учурда анын аты-жөнү такталууда.

Бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.




Баткенде жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 22 адам жаракат алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
BoDiNur
2018-10-18 11:18:33
Каза болгон эркек киши унаанын айдоочусу бекен?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан