Баткенде кичи автобуста бара жатып кырсыкка кабылып жабыркаган 22 адамдын төртөө эсине келе элек

Баткен облусунда катталган жол кырсыгында ар түрдүү жаракаттарды алган 6 жүргүнчү оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түштү. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда SUPER.KG порталына облустук оорукананын башчысы Нурлан Салиевге байланышканыбызда билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда жандандыруу бөлүмүндө 6 адам оор абалда жатат, алардын ичинен 4 адам кечээ күндөн бери эсине келе элек.

"Жол кырсыгынан ар түрдүү жаракат менен жалпысынан 22 адам келип түштү. Оор жаракаттан 1 жүргүнчү каза болгон, бирок ал ооруканага алып келинген жок. 4 адамдын абалы оор болчу, түндө дагы эки адамдын абалы оорлошконунан жандандыруу бөлүмүнө которулду. Кечээ жеңил жаракат алган 2 адам ооруканадан чыгарылган", - дейт Салиев.

Эске салсак, кечээ Ош-Баткен-Исфана жолунда эки Мерседес-Бенц-Спринтер унаалары сүзүшүп, 22 адам ар түрдүү жаракаттарды алып, 1 адам каза болгон. Жол кырсыгы Ак-Татыр аймагында орун алган. Анда жүргүнчүлөрдү ташыган Мерседес-Бенц-Спринтер унаасы менен жүк ташыган унаа бетме-бет сүзүшкөн.

Баткенде жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 22 адам жаракат алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Feiza1982
2018-10-19 01:54:23
Аллахым бөдө кырсыктан , күттүрбөй келген душмандан Кыргыз элимди коргоо!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан