Чүй облусунда жол тандабас унаасы жол кырсыгына кабылып, 1 адам каза болуп, беш адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирип, кырсык 17-октябрдан 18-октябрга караган түнү саат 12:30 чамасында катталганын тастыктады.
Маалыматка ылайык, кырсыктан каза болгон адамдын аты-жөнү такталып жатат.
"Honda CR-V үлгүсүндөгү унаа Кант шаарынын унаа жолунда келе жатып токтоп турган трактордун артындагы чиркегичин сүзүп токтогон. Мындан улам унаадагы бир адам каза болуп, дагы бешөө ооруканага жектирилген. Учурда каза болгон жаран айдоочубу же жүргүнчүбү так маалымат жок, такталып аныкталган соң, маалымат кошумчаланат", - дешти башкармалыктан.