Бүгүн кыргыз эстрада ырчысы Нурмат Садыровдун туулган күнү. Ырчыны куттуктап байланышка чыкканыбызда, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, маанайы менен бөлүштү.

"Туулган күнүм саат жебеси түнкү 12ни какканда эле башталган. Сахналаш досторум, жакын адамдарым үйүмдүн алдынан тортторун, шарларын көтөрүп алышып сюрприз жасашты. Алар менен таң атканча туулган күндү белгиледик. Ал эми бүгүн кечке чейин ата-энем, бир туугандарым менен бирге өткөрөм. Кечинде Бишкектеги көңүл ачуучу жайлардын биринде досторум, санаалаштарым менен чакан кече уюштурабыз", - дейт 30 жашка толгон ырчы.
"Супер-Инфо" гезитине берген маегинен үзүндүлөр:
- "Эркек эркектерге жакын болгондон көрө кыз жандуу болгон жакшы го (күлүп). Суроо чыгармачыл адамдардын баарына тиешелүү экен. Күйөрмандарымдын 80 пайызы кыздар. Социалдык тармактарда 200гө жакын фан-баракчам бар. Ал жакка кирип кыздар менен учурашып турам. Бир дагы күйөрманымдын көңүлүн калтыргым келбейт".
- "Эң биринчи байлыгым - күйөрмандарым, ырларым, клиптерим. Эки куржунум бар, биринде ырлар, экинчисинде клиптерим. Аларды күйөрмандарыма тартуулап турам. Байлыктын түбүнө эч ким жеткен эмес".
- "Менин чыгармачылыгымды сыйлаган, түшүнгөн кызга үйлөнсөм дейм. Чындап түшүнгөн кыз болсо, үйлөнүп алгандан кийин антпейт болуш керек. Кыз кезинде баары жакшы дешет, сүйлөшүп жаткан кезде "айтканыңды кылам" деп коюп, кийин ошентсе билбейм анда. Мени сыйласа, чыгармачылыгымды түшүнөт. Шоу-чөйрөсүндөгү кыздарга үйлөнбөйм дебейм. Мага айырмасы жок, болочоктогу жубайым жөнөкөй эле карапайым кыздардын арасынан же күйөрмандарымдын арасынан болушу мүмкүн".
Белгилей кетсек, ырчы 1988-жылы 19-октябрда Токтогул районундагы Торкен айылында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын салттык аспаптар бөлүмүнө тапшырып, ийгиликтүү аяктаган. Андан соң Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшырган. Ырчынын репертуарында "Сүйгөн жүрөк", "Жүрөгүм", "Сага байланам", "Мен сүйгөн менен пайда жок", "Сени көрүп мен өзгөрдүм", "Жазым", "Торгоюм" жана башка ырлары бар.