Скрипканын чебери, музыкант Нурайым Азыкбаева менен комузчу Назбек Кенчинбаевдин комуз менен аткарган күүсү Казань шаарында өткөн эл аралык сынакта 1-орунду алды. Бул тууралуу музыканттарга байланышканыбызда SUPER.KG'ге айтып беришти.
Кенчинбаевдин айтымында, "Факел" деп аталган бул сынакка Орусиянын бир катар шаарларынан жана ага жакын жайгашкан мамлекеттен өнөрпоздор катышкан.
"Негизи сынакка түрдүү өнөрлөрүн көрсөтүү үчүн 700 катышуучу келген. Маданий иш-чара 2 жылда бир жолу өткөрүлүп турат. 2 жыл мурун да ушул сынакка катышып 2-орунга ээ болгонбуз.
Бул ирет аспаптык жанр боюнча сынактан 1-орунга ээ болдук. Жубайым Нурайым экөөбүз комуз менен Атай Огонбаевдин "Ак тамак, көк тамак" күүсүн аткардык. Мурда Нурайым экөөбүздүн дуэт комуз менен скрипкадан турчу, бул жолу экөөбүз тең комуз черттик. Калыстар тобунда Орусиянын Эл артисттери да бар", - деди ал.
Аталган сынак 3 күнгө созулган. Жеңишке ээ болгон музыканттар келе жаткан жылдын май айында Сочи шаарында өтө турган чоң масштабдагы сынакка жолдомо алышкан. Мындан тышкары 200 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык берилгенин кошумчалады музыкант.