Голливуд жылдызы Ким Кардашьян жарым жылаңач сүрөттөрү үчүн сынга кабылды

Голливуд жылдызы Ким Кардашьян социалдык тармактагы жарым жылаңач сүрөттөрү үчүн күйөрмандарынын сынына кабылды. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, Ким Кардашьян өзүнүн "KKBeauty" косметикалык брендинин жарнамасына тартылган.

Белгилүү болгондой, модель жаңы көз боёгучтарды чыгарып, аны коомчулукка тартуулоо үчүн жарнама тарткан. Андагы башкы каармандын ролунда Ким Кардашьян өзү болгон. Ал эми моделдин күйөрмандары жарнама үчүн жарым жылаңач болуп сүрөткө түшкөнүнө терс пикирлерин айтып, катуу сынга алган.

"Көз боёгучтарды жарнамалоодо мындан башка ой келген жокпу? Сенин күйөөң, балдарың бар го!" - деген өңдүү билдирүүлөрүн калтырган.

Аталган сүрөттөрдүн автору америкалык фотограф Дэвид Лашапель. Фотограф шоу-бизнестеги белгилүүлөр менен бир нече жылдан иштешип келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aima94
2018-10-19 13:34:22
Буларга боло берет
+3
Shaa-82
2018-10-19 14:56:26
Буларга баары бир да акчаны кобуроок толосон даарат кагазын деле жыланач оронуп тушуп кое берет )))
+4
nuri1
2018-10-19 15:27:38
Фигурасын сонун экен го.
+6
Kymbatym
2018-10-19 23:16:09
о жылаңач эркек ошондо порно актёрбу?ал актрицадан өтүп кеткен го чечиниш боюнча
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан