Америкалык супер модель Карли Клосс сүйүктүүсүнө турмушка чыкты

Америкалык супер модель "Victoria’s Secret`тин" периштелеринин бири Карли Клосс сүйүктүүсүнө турмушка чыкты. Батыш маалымат булактарынын жазганына ылайык, үйлөнүү той Нью-Йоркто өтүп, ага 80ге жакын адам катышкан.

26 жаштагы супер модель 33 жаштагы Жошуа Кушнер аттуу мырзага турмушка чыккан. Түгөйлөр 6 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн. Карли Клосс менен Жошуа Кушнер кийинки жылдын жаз мезгилинде салтанаттуу түрдө үлпөт той өткөрөрүн билдиришкен.

Белгилей кетсек, Жошуа Кушнердин бир тууган агасы Жаред Кушнер АКШнын президенти Дональд Трамптын күйөө баласы жана анын жогорку кеңешчиси болуп иштеп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aibars
2018-10-19 17:30:10
АКШда деле тайке жеен, тууган деген тушунук бар экенда президенттин тегерегинде.
0
Fortuna1987
2018-10-19 18:42:37
aibars,Алар деле бизге окшогон адамдар да.
0
ludimira
2018-10-19 21:16:06
Оллоо атактуу,80 Адам чакырса....биз мега атактуу окшойбуз
+1
Ibragim.osh2016
2018-10-19 22:10:15
80адам чакырыптыр...а бизчи 300 500 800 адам чакырабыз чыгым кооп кетет да кашыктап чогултканды чомучтоп тогуп эртеси росиияга кредит тологону(((
+2
AzKumFerDan
2018-10-20 13:59:15
1жылдан кийин Айры жолго тушту дейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан