Чүй облусунун Сокулук районунда бир нече адамды жумушка орноштурам деп алдап, акчасын алып жүргөнгө шектелип Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу маалыматты Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, кылмышка шектелген П.В. аттуу адамдын үстүнөн Сокулук РИИБине 30 адам арыз менен кайрылган. Алар арызда П.В. Түштүк Кореяга жумушка орноштурам деп акча алганын жазышкан. Алдангандардын арасында 1 миң 500 доллардан 4 миң долларга чейин акча бергендер бар.
"Ал акчаны Түштүк Кореяга барууга документ даярдоого керек болот деген шылтоо менен алып, акча бергендерге кабарын билдирбей качып кеткен. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, шектүү буга чейин да 2017-жылы алдамчылыкка айыпталып, 12 жылга эркиндигинен ажыратылгандыгы белгилүү болду. Ал жаза мөөнөтүн Балыкчы шаарындагы жатак абагында өтөмөк, абакта жатып да алдамчылык менен алектенип жүргөн жана кийинчерээк качып кеткен. Андан кийин бир нече адамдан алдап акча алууга үлгүргөн. Издөө жарыяланган кылмышкер 2018-жылдын февраль айында Казакстанда кармалып, Кыргыз өлкөсүнө өткөрүлүп берилген", - деп жазылат маалыматта.
Анда белгиленгендей, П.В. абактан качканда ага Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (жаза мөөнөтүн өтөгөн жерден качып кетүү) менен кылмыш иши козголгон. Эми ага алдамчылык беренеси менен да кылмыш иши козголду. Ал буга чейинки 9 жыл 4 ай 19 күндүк жаза мөөнөтүн өтөй элек.