Бишкек-Ош унаа жолунда эки унаа сүзүшүп, жол кырсыгынан 5 адам жабыркап, алар ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 18-октябрь күнү болжол менен саат 20:00 чамасында катталган.
"Бишкек-Ош унаа жолунун 662-чакырымында, тактап айтканда, Кара-Суу районунун Кызыл-Чек айылында Хонда ХР-В жана Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Хонда ХР-В унаасынан 5 адам ар кандай жаракаттарды алып Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Учурда бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдирет аталган бөлүмдөн.