Бишкекте аталаш тууганынын 17 жаштагы кызын зордуктоого аракет кылып, кийин тумчуктуруп өлтүрүүгө шектелген жаран 2 айга камакка алынды

Бишкекте аталаш тууганынын 17 жаштагы кызын "зордуктоого аракет кылып, кийин тумчуктуруп өлтүргөн" деп шектелген шаар тургуну 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда SUPER.KG'ге шаардык милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, кылмышка шектүү катары кармалган 19 жаштагы Т.у.Д. аттуу шаар тургунунун баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук соту тарабынан 17-октябрда каралып, 2 айга камакка алуу чечими чыкты. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары улантылууда.

Эске салсак, 15-октябрь күнү саат 7:30 чамасында милицияга борбордогу жаңы конуштардын бириндеги үйдөн кыздын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган дарекке барган милиция кызматкерлери каза болгон кыз 2001-жылы туулган Э.Б. экенин аныкташкан. Медициналык кароодон анын денесинен көк ала тактар табылып, ал киши колдуу болгону белгилүү болгон.

Бишкекте 17 жашар студент кыздын өлүмүнө анын аталаш агасы шектелүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан