Чүй облусунун Панфилов райондук соту Людмиланы (ред.аты өзгөртүлдү Л.А.) 8 жылга эркинен ажыратты. Людмила жарандык никеде жашаган күйөөсү Вадимге (ред. аты өзгөртүлдү В.А.) бензин куюп, өрттөп жиберген. Андан кийин күйөөсү каза болуп калган.
Соттолгон аял: "Мен өзүмдү коргоо үчүн ушул кадамга барууга аргасыз болдум"
Соттук отурумдарда Людмила жасаган кылмышын толугу менен моюнуна алган эмес. Күйөөсүн ал атайылап өлтүрбөгөнүн, өзүн-өзү күйөөсүнүн ур-токмогунан коргоо үчүн ушундай кадамга барганын айткан. Ошондой эле жасаган ишине өкүнүп жатканын, күйөөсүнө атайылап зыян келтирүүнү ойлобогондугун билдирген.
"Ошол күнү күйөөм Вадим үйдө полдорду сырдап, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөн. Анан кечинде үйгө таанышыбыз келип, үчөөбүз 1 бөтөлкө аракты ичтик. Андан кийин таанышыбыз кетти, мен тамак жасай баштадым. Вадим эмнегедир ачууланып, мени тилдеп, ура баштады. Сырткы эшикти бекитип, ачкычын катып койду, мен андан кача албай калдым. Ал газда тамак кайнап жаткан мискейди алып, баламдын бутуна куюп жиберди. Мен буга ачууланып, үйдө ремонтко керектелген бензинди алып, анын үстүнө чачып салдым. Ал бул учурда мени сабаганын токтоткон жок. Ага эгер сабаганын токтотпосо, үстүнө өрт коюп саларымды айттым. Бирок ал токтогон жок, кайра мени соккону келе жатканда колумдагы зажигалканы күйгүзүп жибердим", - деген ал өзүнүн көрсөтмөсүндө.
Анда белгилүү болгондой, жубайлардын ортосунда 2 баласы бар, экөөнүн тең жашы жете элек.
"Вадим дароо эле жалындап күйө баштады, мен коркуп кетип чакадагы сууну анын үстүнө куюп, өрт өчкөндө кийимдерин чечип ыргыттым. Ал жөрмөлөп барып керебетке жатты. "Тез жардам" кызматын чакырып, ал келгенде сырткы дарбазанын ачкычын таппай калдым. Аңгыча "Тез жардам" кызматы кетип калды. Мен ачкычты издеп, күйөөмдүн күйүп кеткен кийиминин чөнтөгүнөн таптым. Кайра "Тез жардам" кызматын чакырып, ал ооруканага жеткирилди. Ага чейин анын абалы оорлошуп кетти", - деген.
Окуядан 3 күндөн кийин Вадим көз жумган
Вадим ооруканага жеткирилгенде дарыгерлер анын денесинин 70 пайызы күйгөнүн, анын ичинен 50 пайызында күйүк тереңдеп кеткенин айтышкан. Үч күн өтүп денесиндеги күйүктөн улам ал көз жумган.
Маркумдун апасы келинин жазадан бошотууну суранган
"Уулум менен келиним 10 жылдан бери чогуу жашашат. Алар Кайыңды шаарында, мен Бишкек шаарында жашайм. Ошол күнү уулумдун коңшусу чалып, неберемдин буту күйүп калганын, ата-энеси мас экенин айтты. Эртең менен келсем коридордо күйүп кеткен буюмдар жатыптыр, андан ары баламдын күйүп кеткен кийимдери жерде жаткан экен. Өзү керебетте бүт денеси күйүп, оор абалда жатканын көрдүм. Аңгыча "Тез жардам" кызматы келди. Келиниме доом жок, аны жазадан бошотууну сурайм", - деген.
Соттун чечими
Сот отурумдагы бардык жагдайларды эске алуу менен Людмиланы Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) менен күнөөлүү деп тапкан. Анын кылган ишине өкүнгөндүгү, каза болгон адамдан коргонууга аргасыз болгону, жашы жете элек эки баланын энеси экени эске алынганы менен, ал жасаган кылмыш коомчулук үчүн коркунучтуу деп эсептелинип, 8 жылга эркинен ажыратылган. Балдары Панфилов райондук Социалдык коргоо башкармалыгына тапшырылган.