Бишкектеги "Дордой Плаза II" соода борборунда 29-сентябрь күнү “Фрунзе” гипермаркети ачылды. Улуттук мультиформаттагы “Фрунзе” чекене тармагы муну менен жаңы концепциядагы "Фрунзе-Гурме" деп аталган экинчи дүкөнүн ачканын жарыялады. Ага ылайык, соода жайында орнотулган күркөлөр жаңы дизайн жана жагымдуу өңдөр менен жасалгаланган.“Фрунзе-Гурме” күн сайын өздөрү өндүргөн көп түрлүү тамак-аштар менен камсыздайт. Ошондой эле дүкөнгө дүйнөнүн ар бир бурчунан келген деликатес азыктар тамак-ашка өтө кылдат маани берген гурмандарга чейин канаттандыра алат.
Соода түйүнүндөгү сатылган товарлардын баалары орто жана кардарлардын капчыгына зыян келтирбөөгө басым жасалган. Бул жерден турмуш тиричилигине керектелүүчү жана оригиналдуу товарларды гана эмес, ресторандын деңгээлиндеги даяр тамак-аштарды табууга болот.
Дүкөндүн ачылышында атайын Европадан чакырылган шеф-поварлар Кыргызстандыктар үчүн тааныш эмес ингредиенттерди алып келишкен. Алардын колунан даярдалган тамак-аштар уникалдуу жана өзгөчө даамдуу болууда. Ал эми пицца такай итальян ыкмасында даярдалып жатат."Фрунзе-Гурмедеги" сунушталган бардык жаңы товарлар дыкат текшерүүдөн өткөрүлгөн. Бул жерде, албетте, өз категориясындагы мыкты продуктулар сатылат. Гастрономиялык изденүүдөгү биздин аракетибиздин жыйынтыгы туура тамактануу жана апалардын рецепттериндеги даярдалган тамак-аштар. Демек “Фрунзе-Гурмедеги” тамак-аштар үйдөгүдөн кем эмес. Компаниянын мындай өзгөрүүсү кардарлардын сатып алуу адатынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу. Жаңы "Фрунзе-Гурме" мына ушундай заманбап кардарлар үчүн ачылды.
Учурда Кыргызстанда үч башка форматта иш алып барган 19 “Фрунзе” дүкөнү бар. Алар: "Фрунзе", "Фрунзе-Экспресс" жана "Фрунзе-Гурме".
"Фрунзе" гипермаркетинде тамак-ашка керектелүүчү продуктулардан тартып үйгө эң керектүү товарлардын баары бар.
"Фрунзе-Экспресс" күн-түн режиминде алгачкы эң керектүү товарларды сунуштайт.
"Фрунзе-Гурме" ар түрдүү категориядагы товарлары бар гипермаркет, анда кардарлар каалаган товарларын таба алат.
“Фрунзе-Гурме” - Бишкектеги эң чоң соода жайы. Анын аянты 4 миң чарчы метрден кенен.
“Фрунзе-Гурме” - бул сатып алуунун жаңы деңгээли.