ЭЛДИК КАБАР: "Бишкектеги Москва көчөсүндө унаа тыгынын жөнөкөй жарандар жөнгө салышты" дейт окурман

Бишкек шаарындагы Москва жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолдо унаа тыгыны орун алды. Бул тууралуу "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp аркылуу байланышкан окурман билдирди.

"Бүгүн саат 18:00дөн кийин аталган көчөлөрдө унаа тыгыны болду. Ошол жердеги жигиттер өз алдынча унааларга жол көрсөтүп тыгынды азайтышты. Ушундай жигиттер көп болсун" дейт окурман. Белгилүү болгондой, унаа тыгыны жаралган жерде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер болгон эмес.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Бишкектин Москва көчөсүндөгү жол тыгыны
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
wirintai27
2018-10-19 20:35:12
Алар бекинип турушат да 10метр калганда коруно турган жерде
+1
HanTegin
2018-10-20 14:13:21
Кечээ биз да жерде болчубуз. Тыгын чон болчу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан