Ошто көп кабаттуу жатаканадан ымыркайы менен боюн таштаган келин камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда SUPER.KG'ге Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Белгилүү болгондой, окуядан кийин колундагы 7 айлык баласы менен төртүнчү кабаттан секирген келинге 28-97-берене (адам өлтүрүүгө аракет кылган) менен кылмыш иши козголгон. Ага козголгон кылмыш ишинин негизинде ал ооруканадан чыккандан кийин камакка алынган.
"Кылмышка шектүү 10-октябрь күнү соттун чечими менен 2 айга камакка алынды. Учурда ал Жалал-Абаддагы аялдардын №53-СИЗОсунда камакта отурат. Бул окуя боюнча тергөө амалдары улантылууда", - дейт Сыдыков.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы буга чейин ымыркайдын абалы оор экенин билдирген болчу. Ал башынан оор жаракат алып, анын башына операция жасалган.
Эске салсак, 6-сентябрда 40 жаштагы келин Черёмушки кичи районунда жайгашкан төрт кабаттуу жатаканадан колундагы баласы менен кошо боюн таштаган. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, ал Кара-Балта шаарынан күйөөсү менен таарынышып төркүнүнө барган. Айрым күбөлөрдүн айтымында, күйөөсү менен пикир келишпестиктен улам келин спирт ичимдиктерин көп ичип жүргөндүгүн, окуя болгон күнү да алкоголдук ичимдиктерди ичкени белгилүү болгон.