Дүйнөлүк Универсиада: Кыргызстан дагы бир коло медаль утту

Казань шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк Универсиаданын 3-күнүндө кыздар арасында бел боо күрөшү боюнча кыргызстандык спортчу Бурул Алыкулова коло байгеге ээ болду. Ал 58 килограмм салмактагылар арасында түркиялык балбан кыз менен беттешмек. Бирок түркиялык балбан алган жаракатынан улам күч сынашууга чыга албаганына байланыштуу жеңиш Алыкуловага ыйгарылды. Белгилүү болгондой, буга чейин кыргызстандык спортчулар эки алтын жана эки коло медалды жеңген. 6-июлда башталган Дүйнөлүк Универсиадага кыргызстандык 98 спортчу спорттун 12 түрү боюнча катышууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан