Ырчы Азалия Малайзияда өткөн "Miss Cosmopolitan World-2018" сулуулар сынагында байгелүү орунду камсыздай алган жок. Ырчы менен байланышканыбызда ал SUPER KG'ге буларды айтып берди.
"Финалдык баскычта 32 мамлекеттин ичинен эң көп добуш топтогон 10 өлкөнүн катышуучулары аныкталды. Андан кийин ал тандемден топ 5 тандалып, алардын арасынан Кореялык катышуучу жеңүүчү деп табылды. Кыргыз өлкөсү бул эл аралык сынакка биринчи жолу катышып жатат. Буюрса байгелүү орундар жана жеңиш алдыда", - дейт ырчы.
Белгилей кетсек, "Miss Cosmopolitan World" сулуулар сынагы быйыл 3-ирет Малайзияда өткөрүлүүдө. Сынак 4 баскычтан турат. Биринчи баскычта кыздар бикини менен чыгат, экинчисинде улуттук кийим кийип чыгып улуту тууралуу баян курат, үчүнчү баскычта кече көйнөгү менен калыстардын алдына чыгат. Ал эми төртүнчү баскычта катышуучуларга интернет добуш берүү мөөнөтү жарыяланып, анын жыйынтыгы менен жеңүүчү аныкталат.